Ат-Башыда 6 жашар кыз сууга агып каза болду

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Раяна Бейшенбек кызы аттуу 6 жаштагы тургуну сууга агып каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Адилет Жекшенбаев SUPER.KG порталына билдирди.

"13-июнда саат 22:17де Ат-Башыдагы өрткө каршы бөлүктүн 101 байланыш түйүнүнө чалуу келип түшкөн. Ошол күнү саат 17:00 чамасында 6 жашар кыз кошунасы менен Ат-Башы суусунун жээгине ойноп кеткен экен. Кыз дайынсыз болгондо ата-энеси издеп, биздин кызматка чалган. Ыкчам топ кырсык болгон жерге барып, түнкү саат 23:00 чамасында дамбанын жээгинен кыздын жансыз денесин табышты. Ошол эле жерден ал ата-энесине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришет аталган кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alibek-0001
2016-06-14 15:14:23
Акыркы кундору каза болду.оз жанын кыйды, олтурду,зордуктады деген эле жанылыктарды окуп калдык го.
0
Ermek_92
2016-06-14 15:43:48
Ата энесине сабыр берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан