Бүгүн, 14-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1-тур оюндары жыйынтыкталат. Бул күнү "F" тайпасында 2 беттеш орун алат. Беттештердин бири Бордо шаарында орун алса, экинчиси Сент-Этьен шаарында болмокчу.
Мелдештин 1-тур оюндарында командалардын даярдыктары сыналат. Албетте, тайпада Португалия курамасы эң күчтүү курама команда. Бирок тандоо турундагы оюндарды эске алсак, Австрия, Исландия курамалары да оңой жоо эмес экенин далилдешкен. Бул күнү бардык командалар жеңишке жетишүү аракетин көрүшөт. Ал эми ийгилик кимге жылмаярын убакыт көрсөтөт...
"F" тайпасы, 1-тур
АВСТРИЯ-ВЕНГРИЯ
Бордо шаары. "Стад-де-Бордо" стадиону
Калыс: Клеман Турпен (Франция)
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
ПОРТУГАЛИЯ-ИСЛАНДИЯ
Сент-Этьен шаары. "Жоффруа Гишар" стадиону
Калыс: Гүнейт Чакыр (Түркия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)