Белгилүү кикбоксчу Руслан Абасовду өлтүргөн жарандын өздүгү аныкталып, изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров маалымат жыйында билдирди. "Учурда кылмышты уюштурган киши аныкталып, издөө жарыяланган. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аты-жөнү, кылмышка тиешелүү адамдардын саны айтылбайт", - деп айтты ал.
Кикбоксчу Руслан Абасов 2014-жылы 27-мартта өз унаасында болгон жардыруудан каза тапкан.