Европанын футбол ассоциацияларынын кеңеши күйөрмандардын катышуусундагы баш аламандыктардан кийин Орусиянын Футбол кеңешин 150 миң евро айыпка жыкты. Буга катар команданы шарттуу түрдө мелдештен четтетти. Тактап айтканда, эгерде дагы бир жолу күйөрмандардын катышуусунда чуу болсо, команда Европа чемпиондугуна катыша албай калат.
Орусиянын машыктыруучусу жана футболчуларынын атынан күйөрмандарга кат жолдонду. Анда машыктыруучу Леонид Слуцкий баштаган футбол жамааты күйөрмандарды коомдук тартипти сактоого чакырды. "Силер коомдук тартипти сактап берсеңер, биз майданда команданын жеңиши үчүн колдон келгенин кылабыз", - деп жазылат кайрылууда.
Кошумчалай кетсек, баш аламандык Франциянын Марсель шаарында орун алган. Массалык баш аламандыкта англиялыктар токмоктолуп, бир канчасы ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын саны бүгүнкү күндө 40ка жеткени айтылууда.