Кечээ, 15-июнда ырчы Асеманын Instagram баракчасына чабуул болуп, жарым жылаңач кыздардын сүрөттөрү жарыяланган. Ырчынын айтымында, түнү бою баракчаны кайтаруу аракеттери көрүлүп, таңкы саат 4:00 чамасында баракчанын сыр сөзүн алмаштыруу мүмкүн болгон. Азырынча ким тарабынан чабуул жасалганы белгисиз бойдон калууда.
"Кечээ саат 21:00 чамасында WhatsApp номериме "Башка эле сүрөт койбойсуңбу?! Уят да!.." деген билдирүүлөр келе баштады. Мен эч нерсени түшүнбөй калдым. Instagram баракчамда башка бирөөлөр менин атымдан сүрөттөрдү чыгарып жатышканын билип, баракчама кирейин десем, кире албай койдум. Жолдошум футбол көргөнү кеткен. Ага чалып баарын айттым. Көрсө, менин электрондук дарегим аркылуу баракчамдын сыр сөзүн алмаштырып, сүрөт жүктөшүптүр. Түнү бою аларды табууга, баракчамды кайтарууга аракет кылып жаттык. Социалдык тармактардагы баракчаларды "талкалап" кирүү оңой эле экен. Учурда бул ишти ким кылганын билгенге аракет кылып жатабыз. Алар бир эмес, төрт адам экени белгилүү болду. Шоу чөйрөдө баары менен эле жакшымын, бирок менин баракчамды бузуу кимге керек болгонун билбейм. Алар мени жөн эле шылдың кылышты", - дейт ырчы.
Ырчынын баракчасы бузулуп, жарым жылаңач кыздардын сүрөттөрү жарыяланганда анын дарегине ар кандай билдирүүлөр жазылган. Бири "баракча бузулган, бул Асема эмес" десе, бири "мен мындайды Асемадан күткөн эмесмин" деп жазышкан. Ошол эле учурда баракчаны бузгандар аларга жооп жазганга да үлгүрүшкөн.
Асеманын айтымында, бул бейбаштыкты кылгандардын изи табылды. Буга чейин өлкө боюнча шоу чөйрөнүн өкүлдөрүнүн баракчалары башкалар тарабынан бузулган эмес.