Белгилүү бийчи, "Тумар КР" тобу менен түрдүү эл аралык сынактарга катышып, кыргыз өлкөсүнүн атын дүйнөгө таанытып жаткан Атай Өмүрзаков ири масштабдагы долбоорду ишке ашыруу үчүн жардам сурап коомчулукка кайрылды. Бийчи SUPER.KG порталына билдиргендей, бир жылдан бери бул долбоордун үстүнөн иштеп жатышат.
"Чоң чет элдик продюсердик компаниялар тарабынан өткөн жылы кызыктуу долбоор биздин топко сунушталган эле. Ага ылайык, 3D форматында, жаңы технологиялар менен дүйнөлүк концерттик турне көрсөтүүнү даярдашыбыз керек эле. Бул нерсе бизге түрткү болуп, техникалык өнүгүүлөрдү, дүйнө элинин кызыкчылыктарын эске алып, шоунун концепциясын продюсерлерге сунуштадык. Продюсерлерге биздин идея абдан жагып, ири масштабдагы долбоор менен чогуу иштөөгө даяр экенин билдиришкен.
Биздин шоу кыргыз өлкөсүн дүйнөлүк сахналарда улуу жана таланттардын өлкөсү экенин, дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калбаган өлкө экенин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бирок долбоорду ишке ашыруу үчүн көп акча каражаты талап кылынат. Интернет аркылуу кайрылуу жасоодон ушул убакка чейин баш тартып келгенбиз. Убакыт аз калгандыктан, бүгүн элге кайрылууну чечтик.
Учурда бул билдирүүнү бөлүшкөндөрдүн саны 200дөн ашты. Бирок көпчүлүгү "акча каражатын чогултуп жатат" деп туура эмес ойлоп алышыптыр. Негизи, биз инвестор издеп жатабыз. Инвесторго жакшы бир мүмкүнчүлүктү сунуштап беребиз. Чет мамлекетте мындай чоң долбоорлорго миллион доллар каражат кетет экен. Биз өзүбүз көп нерсесин даярдаганыбыздан ал каражатты 3 эсеге кыскарттык. Ошондо да дагы 220 миң доллар акча каражаты керектелет".