Бүгүн, 15-июнда Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычында 2-тур оюндары старт алды. Алгачкы беттеште Орусия курамасы Словакия менен беттешип, 2:1 эсебинде утулуп калды. Жеңилүүгө карабай орус футболчулары азырынча мелдештин плей-офф баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап келишүүдө.
Беттеш словакиялыктардын демилгеси астында өттү, бирок командалар көпкө гол киргизе алышкан жок. 32-мүнөттө коргоочулардын кетирген катасынан улам словакиялыктар каршы чабуулга чыгышты. Жыйынтыгында Владимир Вайсс гол киргизип, Словакияны эсеп катыштыгында алдыга чыгарды. Экинчи голду күйөрмандар көпкө күтүшкөн жок. Марек Гамшик топту Игорь Акинфеевдин дарбазасына таамай жиберип, эсеп артыкчылыгы дагы бир голго көбөйдү.
Орусиялыктар оюнга кайтып келүү үчүн көп аракет көрүштү. Машыктыруучу Леонид Слуцкий 2-таймда 3 оюнчуну алмаштырды. Орун алмашуулар жыйынтыгын берип, Денис Глушаков 80-мүнөттө гол киргизди. Андан аркы аракеттер гол алып келген жок жана беттеш 2:1 эсебинде жыйынтыкталды.