Румыния-Швейцария - 1:1
Голдор: Станку (18-мүнөттө) - Мехмеди (-мүнөттө)
Футбол боюнча Европа чемпиондугунда 2-тур оюндары ойнолууда. "А" тайпасында Швейцария курама командасы менен Румыния кез келип, беттеш тең чыгуу менен аяктады (1:1). Румыниялыктар биринчи болуп эсепти ачып, оюндун калган бөлүгүн атаандаштын басымы астында өткөрүштү. Швейцариялыктар эсепти теңеген соң оюндун ылдамдыгын арттырышты. Чабуул уюштуруу, атаандаштан топту тартып алууда алар жапа тырмак аракеттенип жатышты. Ал эми Румыниянын футболчулары жөн калбай, маал-маалы менен каршы чабуулдарды уюштурушту. Анда футбол сүйүүчүлөрүнүн сапаттуу оюнга күбө болгонун баса белгилеп кеткенибиз оң.