Футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычында "А" тайпасында 2-тур оюндары ойнолду. Алгач Швейцария-Румыния беттеши орун алып, 1:1 эсебинде аяктаган.
Кийинки беттеш Франция менен Албания курамаларынын ортосунда болду. Анда 2:0 эсеби катталып, француз футболчулары плей-офф баскычына биринчи болуп чыгышты. Эсепти Франция курамасы 90-мүнөттө ачты. Антуан Гризманн топту башы менен дарбазага жөнөтө алды. Кийинки гол болсо кошумча убакытта Димитри Пайет тарабынан киргизилди.
Жыйынтыгында Франция курамасы 2 оюнда максималдуу 6 упайга ээ болуп, плей-офф баскычына жолдомо алды.