МЕДИА-ПОРТАЛ: "Айта бар арманымды" клибине тартылган соң катуу ооруп калгам" дейт Айжамал Кабылова

"Кыз-Бурак" тобунун экс-солисти Айжамал Кабылова ырдаган көп ырлар хитке айланып, эл жүрөгүнөн түнөк тапкан. 2004-жылы тартылган "Айта бар арманымды" ырынын клиби да ырчынын популярдуу чыгармаларынын катарын толуктайт.

Кандай ийгилик болбосун, анын артында сөзсүз көптөгөн кыйынчылыктар турарын айткан ырчы бул клип тууралуу мындай дейт:

"Айта бар арманымды" ырынын клиби да көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолгон. Клип Чүй облусундагы айылдардын биринде, кум алынган жайдан тартылган. Күн аябай ысык болчу. Тартуу учурунда улам тердеп, кайра шамалга урунуп калып, клип тартылып бүткөндөн кийин катуу ооругам.

Башкы каарман жигитти бир топ жигиттер тоонун үстүнөн таштап жиберишет эмеспи, ошол жерде баланын кулак-мурдуна, көзүнө кум кирип аябай жүдөгөн. Кийин ал "шылтоо менен балдар жакшы эле мени уруп, тээп алышты" деп күлүп айтып жүргөн. Клипте андай кыйынчылыктардын бири да байкалбайт да, негизи, башкы каарман экөөбүзгө бир топ эле кыйын болгон".

Айжамал Кабылованын "Айта бар арманымды" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sajakat14
2016-06-16 16:35:06
Айжамал супсулуу болуп түшкөн клипке. Унү дагы укмуш!
+2
Azizbek.kg8
2016-06-16 17:48:22
Бул ырчыны ырларын баалайм.ошол 2004жылдары мындай жакшы сапатагы клиптер өтө аз болчу ошолорду катарын ушул клип толуктап турчу.Айжамал ысык кумга бутун куйуп ыйлап жиберген жериңди да айтып бербейт белен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан