Түркмөнстанда кыргыз туристтик көргөзмөсү өттү

Түркмөнстандын Көркөм сүрөт искусство музейинде Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында "Kyrgyzstan So much to discover" аталышындагы туристтик көргөзмө-жарманкеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда кабарлады.

"Көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө кыргыз жергеси боюнча туристтик жол көрсөтмөлөр, маалымат китепчелери, кийиз буюмдар, азыктар жана туристтик кызматтар көрсөтүлдү", - дейт Туризм департаментинин алдынкы адиси Индира Шадыканова.

Эскерте кетсек, Түркмөнстанда 14-16-июндарда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arslan12
2016-06-16 19:14:09
Маданият кундорунун алкагында кыргыз кызы дагы улуттук кийимин кийип алса жакшы болмок беле!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан