Франциядагы Европа чемпиондугунда "В" тайпасында кийинки турга чыгуу үчүн күрөш кызуу уланууда. 2-турда Англия курамасы Уэльсти утуп, 3 упайга ээ болду. Беттеште Уэльс эсепти ачканы менен, Англия акыркы мүнөткө чейин жан үрөп, жеңишти өз эсебине оодарып кетти.
Күйөрмандар англиялык мүнөздөгү оюнга күбө болушту. Беттештин башында эки команда тең атаандашты коргонуусунан чыгарбай, басым көрсөткөнгө аракет кылды. Акырындык менен топ үчүн күрөштөр майдандын борбордук бөлүгүндө уланды. 30-мүнөттөн кийин оюндун ылдамдыгы жайлай түштү. Оюндун 42-мүнөтүндө Гарет Бэйл айып соккусунан эсепти ачты. Бул эпизоддо дарбазачы Жо Харттын жаңылып калганын белгилей кеткенибиз оң.
1-тайм аяктаган соң кийим которуучу жайда көрсөтмөлөр так болгонбу, айтор, Англия 2-таймда оюндун ылдамдыгын арттырды. Ал эми Уэльс коргонууга ыктап, каршы чабуулдун ыңгайын күтүп жатты. Алардын аракеттери натыйжасын берип, 56-мүнөттө Жейми Варди эсепти теңеди. Акырына чейин ойногон Англия кошумча убакытта эсеп катыштыгында алдыга чыкты. 92-мүнөттө Дэниел Старриж гол жаратып, Англиянын тайпадан биринчи болуп чыгуусуна шарт түздү.