Евро-2016: Украина курамасы Түндүк Ирландияга утулуп, мелдештен четтеп калды (фоторепортаж)

Футбол боюнча Украина курамасы Франциядагы Европа чемпиондугунун 2-турунда Түндүк Ирландияга жеңилип калды. Лион шаарында өткөн беттеште британиялык команда 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Оюн эсеби 49-мүнөттө ачылды. Айып соккусунан чыгарып берүүдө коргоочу Гарет Макаули башы менен топту дарбазага жөндөй алды. Андан соң беттеш мөндүр жааганына байланыштуу токтотулуп, кайра улантылды.

Оюнга чекит койгон жана украиналыктардын үмүтүн өчүргөн гол негизги 90 мүнөткө 5 мүнөт кошулганда киргизилди: чабуулчу Ниэлл Макгинн айырмаланды.

Жыйынтыгында Түндүк Ирландия курамасы 3 упайга ээ болуп, тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгүн сактап келүүдө. Ал эми Украина курамасы мелдештен четтеп калды.

Евро-2016: II тур. Украина-Северная Ирландия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Taalai94
2016-06-17 09:55:52
Давай до свидания)))))
0
nur123456
2016-06-17 12:50:58
Жакшы кылыптыр ушу опкосу жокторду аябай жаман калк экен озулорун асмандан тушкондой сезишет
0
KaiMak
2016-06-18 00:30:05
Украина домой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан