Германия жана Польша курамалары Франциядагы Европа чемпиондугунун тайпалык баскычынын 2-турунда жеңүүчүнү аныктай алышкан жок. Командалар 0:0 эсебинде тең ойноп, бирден упайга ээ болушту.
"С" тайпасында алдынкы 2 орунду талаша турган бул командалардын оюну биринчи мүнөттөн тарта кызуу уланды. Албетте, жарым коргонуусу мыкты болгон Германия демилгени ишенимдүү колго алып, топко ээлик кылып жатты. Ал эми Польша курамасы коргонууда мыкты ойноп, атаандаштын чабуулун токтоткон жерде каршы чабуул уюштуруп жатты.
Бул беттеш быйылкы Европа чемпиондугунда катталган алгачкы 0:0 эсебиндеги тең чыгуу болду.