Таш-Көмүр шаарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, Ош-Бишкек жолу убактылуу жабылып калды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-июнда саат 21:20 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ош-Бишкек унаа жолун сел калдыктары тосуп калган. Унаа жолдун 430-435-чакырымдарында 7 жерден сел агып, калдыктары жол каттамын тосуп калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери аткарылып, 17-июнда саат 01:30 чамасында жол бир тараптуу ачылган. Учурда каттамды кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.