Франциянын соту Марсель шаарында кармалган Орусиянын 3 фанатына чара көрдү. Алардын ичинен
А.Ерунов 2 жылга, С.Горбачёв 18 айга, Н.Мозгов 12 айга кесилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, аларга "массалык мушташ уюштурууда калың топтун башында турган" деген айып тагылууда.
Кошумчалай кетсек, окуя Марсель шаарында Орусия-Англия беттешинин алдында болгон. Анда англиялык фанаттар жабыркап, оор абалда ооруканага түшкөндөр да болгон. Жыйынтыгында УЕФА Орусиянын Футбол кеңешин 150 миң евро айыпка жыгып, мелдештен шарттуу түрдө четтеткен (кайталанса команда мелдештен алынат).