Бишкек шаарында жол эрежелерин сактабаган айдоочулар, жол кырсыгына кабылган унаалар көп болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Бишкек шаардык жол-патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан Таалай Бугубаев билдирди.
Ал спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандардын саны көп болуп жатканын белгиледи. "Унааны документсиз башкаргандар да көп кездешүүдө. Азыркы убакта рейд жүргүзүп, миңдеген эреже бузгандарды кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Олуттуу эреже бузгандарына айып салып, унааларын айып аянтына токтотуудабыз", - деп кошумчалады ал.
Апрель айында Дордой айылында ачылган "Тулпар" айып аянтына 1 айда 49 унаа коюлган.
Аталган жайдын кароолчусу Марат Байжанов анын 30 пайызы жол кырсыгына кабылгандар экенин айтты. "Калганы документи жок унаа айдагандар, ошондой эле мас абалында унаа башкаргандар. Бүгүн 3 сааттын аралыгында кырсыкка учураган 10 автоунаа ар кандай деңгээлде айып аянтына алынып келинди", - деп билдирди Байжанов.