МЕДИА-ПОРТАЛ: "Издеп сени" клибине тартылуу үчүн диета кармап арыктадым" дейт Иса Өмүркулов

"Медиа-портал" бөлүмү Иса Өмүркуловдун "Издеп сени" ырынын клиби менен толукталды. Ырчы бул ырдын клиби көп түйшүктү талап кылган, узак убакытта тартылып бүткөн клип болгонун айтат.

"Клипте арзышкан түгөйлөр ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам таарынышып кетишет. Анан бири-бирин издеген окуя көрсөтүлөт.

Клип былтыр сентябрь айында тартылып баштаган эле. Бирок кээ бир кадрларда мен жакшы тартылсам, башкаларында башкы каармандар жакшы ойнобой калып жатышты. Анан да ал кезде мен толук болчумун, каармандар алмашып кетти. Андыктан клипти кайра башынан тартууга туура келди. "Издеп сени" клиби үчүн атайын диета кармадым. Спорт менен алектенип, бир топ арыктадым, кыска чач жасалгасын жасаттым. Кыскасын айтканда, клип бир топ өзгөрүүлөр менен тартылды. Болушунча жакшы чыгарма жаратууга аракет кылдык. Андыктан күйөрмандарга да жагат деп ойлойм", - дейт ырчы.

Иса Өмүркуловдун "Издеп сени" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maks94.kb
2016-06-20 18:03:44
Ха ха диета Азамат
0
Mr.Prezident
2016-07-04 23:59:48
ой болсо арыктайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан