Ар бир адам өмүрүндө бир телесериалдын жок дегенде бир сериясын көргөн. Сериалдар көптөгөн адамдардын убактысын гана албастан, кандайдыр бир деңгээлде күнүмдүк ойлордон арылтат. Буга чейин "сериалдарды үй кожойкелери гана көрөт" деген пикир калыптанып калган. Учурда сериалдарды үй кожойкелери гана эмес, жөнөкөй жумушчу, ийгиликтүү ишкерлер, саясатчылар, айтор, баары көрөт.
Дүйнөдө эң узак, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген "Жол көрсөтүүчү жарык" ("Путеводный свет") аталышындагы сериалды көрүп бүтүү үчүн 164 күн 4 саат 30 мүнөт же 236 430 мүнөт кетерин билесизби?
Телевидениеде "Жол көрсөтүүчү жарык" 1952-жылы 20-июндан тарта коюла баштаган. Сериалда дин кызматкеринин жашоосу баяндалат. Кароолор боюнча сериалдын рейтинги төмөндөп, анын уландысын тартпоо чечими чыгарылып, 2009-жылы 18-сентябрында гана сериал жыйынтыкталган.
Ал эми алгачкы сериал көгүлтүр экранда 1949-жылдан тарта көрсөтүлө баштаганы тууралуу маалыматыңыз бар беле?
Алгачкы сериал "Жалгыз рейнжер" ("Одинокий рейнджер") Америка Кошмо Штаттарында 1949-жылдан тарта жумасына бир жолу чыга баштаган. Сериал адилеттик үчүн күрөшкөн рейнжер менен анын индей досу Тонто тууралуу. Сериал 1957-жылы аяктап, 2013-жылы Жонни Депптин аткаруусунда толук метраждуу тасма тартылган.
Девид Духовныны атактуу кылган 1993-жылы 10-сентябрда чыккан "Жашыруун материалдар" ("Секретные материалы") сериалы "Чындык жаныңда" слоганы менен көптөгөн көрүүчүлөрдү топтой алган. Америкалык илимий-фантастикалык сериалда Фокс Малдер жана Дана Скалли аттуу агенттер ачылбаган паранормалдуу кубулуштар менен байланышкан окуяларды изилдешет. Чогуу көпкө иштеп калган агенттердин ортосунда сезимдер пайда болот. "Жашыруун материалдар" сериалы 9 жыл бою көрсөтүлүп, 2002-жылы 19-майда жыйынтыкталган.
Аргентиналык "Жапайы периште" ("Дикий ангел") сериалын көрбөгөн адам болбосо керек. Анда Милагрос аттуу ата-энеси жок тентек кыз тууралуу баяндалат. Милагрос байдын үйүнө үй кызматкери болуп орношуп, анын уулу Ивону сүйүп калат. Тилекке каршы, Ивонун башка сүйлөшкөн кызы бар болот. Милагростун жаштыгынан пайдалангандар, аны алдагандар көп болот, бирок ал өз атасын таап, Ивого баш кошот. Бул сериал дүйнө жүзү боюнча 60тан ашуун өлкөдө көрсөтүлгөн. "Жапайы периште" эл аралык прокат үчүн берилген аталышы, ал эми чыныгы аталышы - "Эр жүрөк куурчак".
Кыргыз жергесинде бразилиялык "Клон" сериалы көрсөтүлгөнү мода индустриясына да өз таасирин тийгизген. "Жади" деп аталган жасалгалар, кофталар өзгөчө жайылган. Кино тармагында алгачкы жолу дал ушул сериалда мусулмандардын жашоосу кенен чагылдырылып, клондоштуруу жана баңгизат темалары да көрсөтүлгөн. Рио-де-Жанейродо жашаган жаш мусулман кыз апасы каза болгон соң таякеси Алинин үйүнө Мароккого кайтууга аргасыз болот. Ал жактан өзүнүн дининдеги балага баш кошууга мажбурлап жатышканда чыныгы сүйүүсүн жолуктурат. Экөөнүн чогуу болушуна көптөгөн тоскоолдуктар жаралат. Жадинин "Эмнеге мен сага Бразилиядан жолуккан эмесмин, ал жактан жолуксам, баары башкача болмок..." деп өкүнүп айткан сөзү бар. Мусулман кыз менен бразилиялык баланын сүйүүсү чагылдырылган сериал 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто болгон теракттан кийин көрсөтүлүп, көптөгөн терс сындарга кабылган. 9 жыл өткөн соң, 2010-жылы гана дүйнөнүн 90 өлкөсүнө көрсөтүүгө таратылса, кыргыз жергесинде 2004-жылы 16-февралда көрсөтүлгөн.
2002-жылдары кичинекей балдар топтошуп "бригадабыз" деп айтып калышкан эле. Ал кезде орусиялык төрт дос тууралуу "Бригада" сериалы өзгөчө популярдуу болгон. Анда Александр Белов аттуу жөнөкөй бала мурунку сүйлөшкөн кызынын жигити менен уруша кетип, криминалдык чөйрөгө аралашып калат. Достордун бекем достугу аларды көптөгөн ийгиликтерге жеткиргени менен, каармандардын жашоосунун аягы өкүнүчтүү аяктайт. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү жакшы каармандардын образдарында көрсөтүлүп, көпчүлүк көрүүчүлөргө жаккан. Сериал болгону 15 сериядан турганы менен, достордун жашоолорун толугу менен көрсөтүп бере алган.
"Гүлдөрдөн да сулуу балдар" ("Мальчики краше цветов") же "F4" аталышы менен таанымал Түштүк Кореянын сериалы өлкөбүзгө өзгөчө толкунду алып келген. Балдардын чачтарын өстүрүп жасалгалашын, кыздардын көкүл коюусун, кыска "шотландка" юбкаларын модага кайтарган. "F4" телеканалдарда берилбесе да, элге интернет жана диск аркылуу кенен жайылган. Өлкөбүздү мындан башка да кореялык сериалдар каптаган, бирок бул сериалдай популярдуулукка ээ болушкан жок.
Сериал кичинекей алсыз кыздын байлардын "менмин" деген төрт баласын багындырып, экөөсүнүн сүйүүсүнө ээ болуусу тууралуу. Байлардын гана балдары окуган мектепте өздөрүн "4 гүл" деп атаган төрт бала мектепке кокусунан келип калган Гым Чан Диге чейин далай балдарды шылдыңдап, мектептен чыгып кетүүлөрүнө чейин жеткиришкен. Алардын кезектеги курмандыгы өзүнүн эрдиги, тайманбастыгы жана тазалыгы менен алардын сыйына татып, көптөгөн кыздардын ич күйдүлүгүнө кабылат.
"Илгери чоң апаларыбыз 13-14 жашта эле үй-бүлө курушкан" дешсе, биз үчүн өөн учурайт. Жаш кыздардын турмуш куруу салты кыргыздарда гана эмес, башка өлкөлөрдө да бар. Индияда да кыздар кичинекей кезинен турмушка аттанышары белгилүү. Ананди аттуу 8 жаштагы кыз турмушка чыгып, кадимки келиндей эле оокат жасап, тиричилик кылып калат. Оюнга кызыгы тарай элек секелек кыз окугусу да келет. Жаш кыздын кызыкчылыгын эч ким эске албай, кайненесинен далай кордук көрөт. Тагдырына моюн сунгусу келбеген кыз ата-энесинин үйүнө качып барса да, алар салтты кармануу керектигин айтып, өзү менен тең Жагдиш аттуу күйөөсүнүн үйүнө кайтара беришет. Бир нече жыл өтүп Ананди сулуу, акылдуу келин болот. Күйөөсү экөөнүн ортосунда сүйүү пайда болгону менен, Жагдиш аны таштап кетет. Бөлөк сүйүүсүн тапса да, Ананди кайрадан жоготууга учурап, анысы аз келгенсип, кызын да өзүнүкүндөй тагдыр күтүп турганын билет...
Түркиялык "Даңазалуу доор" сериалында украиналык Александра аттуу күң амалкөйлүгү менен Осмон империясынын башчысынын аялы болгону көрсөтүлгөн. Экрандарга 2011-жылы 5-январда чыга баштаган. Сериалда андан тышкары сүйүү, достук, чыккынчылык темалары козголуп, көптөгөн интригалуу окуялар менен коштолот. Александра турган шаарды крымдык татарлар басып алган соң, 1520-жылы Александра Стамбулга жиберилет. Ал жактан империянын башчысы болгон Сулаймандын гаремине туш келет. Сулайман султанды жактырып, ага жакындоонун амалын табат. Султандын ага жасаган мамилесинен улам аны сүйүп калган Александра ислам динин кабыл алып, Хүррем деген ысымды алат. Хүррем бара-бара ага каршы тургандардын баарын жок кылып, өзүнүн уулун султан кылганга жетишет.
Ал эми учурда дагы бир түркиялык "Кулпунай жыты" сериалы эл оозуна алынып келе жатат. Ал бай эмес, бирок өзүнүн баасын билген Аслы аттуу кыз тууралуу. Аслы дүйнөгө белгилүү болгон кондитер болгусу келет. Ал Бурак аттуу Түркияга таанымал жашынакай жана бай жигит менен таанышып калат. Бирок алардын биринчи жолугушуусу ийгиликсиз болуп, бири-бири тууралуу жаман ойдо калышат. Тагдыр аларды дагы бир жолу жолугуштурат. Экөөнүн ортосундагы жек көрүүчүлүк эмнеге алып барат?
Эл жактырып көргөн сериалдар көп, жаза берсек улана берет. Тизмени жыйынтыктап, кыргыз шоу-чөйрөсүндө ким кайсы сериалды көрөрүн билип алалы.
Ырчы Айпери Кубик кызы:
"Азыр убакыт аз болуп, кээде "Даңазалуу доорду" көрөм. Буга чейин "Клон", "Дикий ангел", "Жена Иуды", "Будулай" сериалдарын көргөм. Баарынан "Дикий ангел" сериалындагы Наталья Орейронун каарманы, өзгөчө мүнөзү жаккан. Ошондон улам футболго кызыгуум күчөгөн".
Акын жана ырчы Элмибек Иманалиев:
"Сериал көрүп жүргөн убактарым болгон. Тилекке каршы, соңку 2 жылдан бери телевизор көрө элекмин. Сериал эмес, кээде өзүмдү көрбөй калам. Ал эми мурда америкалык "Түрмөдөн качуу" деген сериалды көргөм. "Даңазалуу доордун" кыргызчасы көрсөтүлүп жатканда кызыгып көрүп калгам, бирок токтоп калганда көрбөй калдым. Сериалды көрүп баштап алсаң, бир да сериясын калтыргың келбей калат да. Мен тасма көрүп жатканда сын көз караш менен көргүм келбейт, себеби тасма тарткандардын чөйрөсү менен жүрүп көшөгө артындагы иштерди билем. Андыктан ишенип, баладай болуп көргөнгө аракет кылам".
Ырчы Дилшат Кангелдиева:
"Мындан канча жыл мурда көрчүмүн. "Даңазалуу доордун" башын көрдүм, аягын чейин чыккан жокмун, ага убакыт көп кетет экен. Сериал көргөнгө убакыт жок, кээде телевизор көрбөй калам, кээде өзүм катышкан телеберүүлөрдү да көрө албай калам. Мурун бразилиялык "Просто Мария", "Клон" сериалдарын көргөм. Бул да бир өзүнчө кумар да, анан ичине "кирип" кетсең, ошол бойдон иштериң жасалбай калат. Ошондуктан азыркы учурда телевизорго көп байланбайм".
Актёр Амантур Мусаев:
"Мен сериал көрбөйм. Актёрлорду таң калтырчу актёрлук оюндар аз болот. Сериалда бир окуяны алып, ошону улантып эле ойноп кете беришет".
Ырчы Аваз Акимов күлүп төмөнкүлөрдү айтты:
"Азыр көрбөйм. Мурун "Бригада" деген сериалды көргөм. Саша Белыйды туурайын деп аз калгам. Кичинекей болсом деле дерзкий болуп алгам убагында".