Биз социалдык тармакта

Бишкекте 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 35 жаштагы аял изделүүдө

Бишкекте 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 35 жаштагы Нигора Сулейманова аттуу жаран изделүүдө. Свердлов РИИБинен кабарлашкандай, ал Аламүдүн-1 кичи районундагы үйүнөн 6-июнда чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Боюнун узундугу 160 сантиметр, кара чач, кара көз. Үстүнкү 4 же 5 тиши сары металлдан жасалган. Ошондой эле оң бутунда меңи бар. Үйдөн ак сызыктары бар кара көйнөк, кара шым, кара туфли кийип чыгып кеткен.

Эгерде аны көргөн-билгендер болсо, 0700 90-56-11, 0701 41-15-09, 0557 20-12-68, 0550 10-28-72, 0709 24-24-83 номурларына кабарлап коюуңуздарды өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Elime
2016-06-17 17:49:45
Инша Аллах аман-эсен табылып калса экен!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан