МЕДИА-ПОРТАЛ: "Бийле" аталышындагы жаӊы клибимди тартууда ата-энем, кайын журтум колдоо көрсөтүп жанымда жүрүштү" дейт Айгерим Расул кызы

Бүгүн, 17-июнда "Медиа-портал" бөлүмү Айгерим Расул кызынын "Бийле" аттуу жаӊы чыгармасынын клиби менен толукталды. Ырчы клип тартуу учурунда ата-энеси, жолдошу, кайын журту колдоо көрсөтүп жанында жүрүшкөнүн, андыктан аларга ыраазычылык билдирерин айтат.

"Клип Ош шаарында тартылды. Режиссёр Нурсултан Кубатов атайын Бишкектен тартуучу тобу менен барып тартты. Бийчилер өзүм түзгөн жаӊы "Ханбийке ханым" тобунун кыздары. Аларды да өзүм даярдап жаттым. Бул үй-бүлөлүк клип десем болот, себеби тартуу учурунда ата-энем, кайын журтум, жолдошум жардамдашып, кеп-кеӊешин айтып жүрүштү. Андыктан аларга ыраазычылык билдирем.

Албетте, чыгармачылыгыма карата түрдүү сын-пикирлер айтылышы мүмкүн. Кудайга шүгүр, кайын журтум аябай түшүнүктүү адамдар. Үйдө келиндик милдетимди аткарам. Ал эми ырчы катары менин чыгармачылыгыма түшүнүү менен мамиле жасап, колдоп турушат", - деп билдирди Айгерим Расул кызы.

Айгерим Расул кызынын "Бийле" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
mia2991kg
2016-06-18 07:46:51
ХХХ ХХХ Айгеримге эч ким киришкен жок болгону болгондой жазылатта.
+5
mia2991kg
2016-06-18 07:51:46
Мага деле мурда кыз кезинде айабай жакчуу.Бирок азыр келин,эне да коруп кызыктай болдум,чынында жарашпай калыптыр кийингени.Бактылуу болсунчу
+3
CAAT
2016-06-18 08:11:16
ХХХ ХХХ Кыргыздын кыздары качан ушинтип кийинчуу эле? Бийлеткени кыргыздын улуттук кийимин кийип бийлетсе деле болот эле еврейлерди туурабастан.
+7
Cholpon14
2016-06-18 09:10:06
Кыргыздын Нюшасы болом дегенго
0
Sofy
2016-06-18 10:02:55
ХХХ ХХХ Aygerim kuyoon jana kayn jurtun seni koldop, ozdoru jardam berip jataby anda v PERED! Bilesinbi, Ayperi yimanduu bolup,jooluk salynyp, bizdin jaw kelinderdin obrazyn jaratyp chykkanda emne dep shyldyndawty?! Halat menen da yrdayby, bawka elderge bul klipti korsotuugo da uyalam dep chygywty! Al emi owol suylogondordun ozdorunun jawoosuna kirip korchu...)) Samoe glavnoe sluwaysya roditeley i muja!
-6
ruslankg
2016-06-18 15:48:33
Чыныгы келин ырчы деп Айнура Салахидинованы айтса болот
+4
Aselya_9105
2016-06-18 15:53:02
Кыскасы, элге эч нерсе жакпайт экен да.
0
Jaka1978
2016-06-18 18:14:44
Апей бул азыркы кебетесиби,мен куйоого чыкканга чейин экен десем,ырларына деле маани бербептирмин,ото эле катуу кетипсин анда,ХХХ ХХХ
+4
Aruwka.89
2016-06-18 18:43:02
Мага ачыгы такыр жакпады
Айгерим чачынды жыйнап жургон фотолоруну кордум еле аябай жакшы жарашат екен ошентип еле жарашыкту кийинип еле журо берчи
Жана озуно ылайыктуу кийин
+2
kubat_73
2016-06-18 19:05:44
ХХХ ХХХ атандын горуу ыр деп эле бирдемени ырдай беришеби созунун эч мааниси жок ырдын созун козомолдогон бироо жарым жокпу мамлекетте.Ырдын да баркын кетирип бутушту ушулар жана ушуга окшогондор.
+1
white_angel
2016-06-18 22:17:02
Бийле деп ырдап озлору такыр бийлей алышпайт ко,ыры да эптемей,бийи да эптемей. Кыздарын бирдей кийинтип,чачтарын ары бери чайкай берсе эле бий болмок беле. Айгерим сахнага кайтса ХХХ ХХХ
+3
sanajet
2016-06-19 00:19:27
Астаафыралла! Аллахым озун сакта шермендечилектен (((
+2
znanylay
2016-06-19 11:49:29
Кайын журтум, жолдошум уруксат берди деп эле клип тарта бериш керекпи?Клиптин да тарбиялык мааниси болуш керек го дейм.Клип ото начар ,Айгеримге жарашпай калган образы.Айгерим учун мен уялып кеттим.Мындай образ менен,мындай Клип менен бул ырын популярдуу боло албайт.Ушунча адамдар да бир нерсесин билгени учун айтып атышат ,терс пикирлерин.Жакшыны эч Ким жаман дей албайт.Сен клипти биздей корормандар учун тарткандан кийин ,оюбузду,сыныбызды айтканга толук укугубуз бар.
+1
jazgul.kg.ru
2016-06-20 01:26:05
Ыры деле маанисиз
0
admin_media
2016-06-20 11:32:51
Keremet008, white_angel, kubat_73, Jaka1978, Sofy, CAAT, mia2991kg, gulaza, krem, fair_play, Xanbiyken, 1.asel., ruslankg, aianaaiana, bai.kymbat, Futuro, ashir, Gen_fanat, gulperi.kg, KGstan1981, naera,
Баарыңарга эскертүү!
1. Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жана анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
2. Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
3. Темадан алыстабагыла!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан