Бүгүн, 17-июнда "Медиа-портал" бөлүмү жаш ырчы Байэлдин "Көздөрүӊ кара" ырынын клиби менен толукталды. Ырчынын продюсери Канат Кадыржан клип тууралуу мындай дейт:
"Клипти Бахтияр Жолчиев тарткан. Өзгөчөлүгү эмнеде болгонун көрүүчүлөр өздөрү айтышсын. Биз болгон аракетибизди жумшап, жакшы чыгарма жаратууга аракет кылдык.
Клип тартууда көбүнчө кыздарды тандоодо кыйналчубуз. Бул ирет "Кыргыз жергесинин сулуусу-2015" наамын алган Таттыбүбү Самидин кызын тартууну чечтик. "Тартылбайм" деп койсо кандай болот деп ойлогонбуз. Көрсө, жөнөкөй кыз экен. Айтарыбыз менен макул болду. Бул клип анын алгачкы дебюттук кадамы десем болот. Артисттик талантын көрсөтүп жакшы ойноп берди. Клип тажатма эмес, көрүнүктүү, кызыктуу кадрларга бай болду".
Байэлдин "Көздөрүӊ кара" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.