ЖЫЛНААМА, 18-ИЮНЬ: Англиялык ырчы, композитор жана сүрөтчү Пол Маккартни 74 жашка чыкты

Мындан 74 жыл мурун, 1942-жылы айтылуу “Битлз” тобунун өкүлү, англиялык ырчы, композитор жана сүрөтчү Пол Маккартни Англиянын Ливерпуль шаарында туулган. Бул топтун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон музыкант коомчулукка эң мыкты бас-гитарист катары да таанымал. Бала кезинде жокчулуктун айынан кыйынчылыкты башынан көп кечирген. 14 жашында атасы ага эски чоорду белекке берген. Пол аны кийинчерээк акустикалык гитарага алмаштырган. Анын алгачкы чыгармасы “Мен кичинекей кызымды жоготтум” деп аталган.

Пол Маккартни Жон Леннон, Жорж Харрисон менен таанышып, 1960-жылдары Гамбургга барып, "Битлз" тобун негиздешкен. 1963-жылы 11-февралда Лондондо Маккартни жана Леннондун чыгармаларынын негизинде топтун дебюттук альбому жарык көргөн. “Ал сизди сүйөт” аттуу композиция "Битлздин" атагын алыска тааныткан. 1963-жылдын 22-ноябрында топтун экинчи альбому чыккан. Пол Маккартни Рой Орбисон менен биргеликте “Менин бүтүндөй сүйүүм” чыгармасын жараткан. Ырчылардын тобу 1965-жылы Британия империясынын орденине ээ болгон. Маккартни ушул эле жылы күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан "Кечээ" чыгармасын жараткан.
"Битлз" тобунун атагы чыккан сайын анын артынан ар кандай ушак кептер коштоп жүргөн. 1966-жылы коомчулук арасында "Пол Маккартни каза болуптур, анын ордуна ага окшош адам чыгып жатыптыр" деген айың кептер тараган. 1969-жылы "Битлз" бул кептерди четке каккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
derzkiy
2016-06-20 11:46:12
"Yesterday" деген ыры сонун жагат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан