Кара-Суу районунда "жаңы төрөлгөн ымыркайын талаага таштап кетти" деп шектелип 17 жаштагы кыз кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда эгин талаасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Ички иштер министрлигинин билдиришинче, 14-июнда саат 22:00 чамасында Кара-Суу райондук милициясына талаага белгисиз бирөөлөр ымыркай таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө кызматкерлери менен "Тез жардам" кызматкерлери барышып, жаңы төрөлгөн кызды табышкан. Таштанды ымыркайды ошол айылда жакында төрөгөн айымга эмизгени алып кетишкен.

Факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, эртеси күнү Ош шаарынан жашы жете элек кыз кармалганы белгилүү болду. Кылмышка шектелип жаткан 17 жаштагы кыз аталган райондогу айылдардын биринин тургуну. 9-класстан кийин окубай мектептен чыгып кеткени айтылат маалыматта. Анын ата-энеси кызынын кош бойлуу экенин билишпегенин айтышууда. Учурда ымыркай ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Azizbek.kg8
2016-06-18 22:31:39
Байкуш жаш кыз алданып бойунда бутуп,эми мынтип төрөп уятын айынан талаага таштап,эх замана эмне кундор болуп жатат
+3
muli
2016-06-19 00:07:34
Наресте аман калсын главный бул да АЛлахтын бремени да
-6
dana1997
2016-06-19 00:11:07
Шумдук го орозодо жаман иш кылбай турса болмок аллахым озу кечирсин ...жаман ой пикир жазардан мурун озунорду ошол кыздын ордуна коюп коргулоо ..
+2
kukunana
2016-06-19 00:44:48
Аллахым баарыбызды зынадан сактаса экен. Деги элибизге ыйман берсе экен, башкаларга уят кылбай. Амин
+5
Mercedes202
2016-06-19 00:53:07
Ой 14 жаштагы кыз тороду го жакында эле, 17 чон эле экен
-6
Mediziner
2016-06-19 01:15:56
Кайран гана секелектер ай..
Өткөөл курагыңарда ата-энеңердин жанынан чыкпай эле отурсаңар эмне..
Өзү бала боло туруп, балалуу болуу деген эмнеси..
+6
dasilek
2016-06-19 02:35:47
кара суунун каеринен экен?
0
aianaaiana
2016-06-19 02:54:49
Кыздын атасынын абийринин төгүлгөнү
+3
Jooshbai
2016-06-19 09:41:34
ata enesi bilet boluw kerek. kantip ele ichinin chonoigonun korboi kalsyn
0
lolo.1
2016-06-19 10:32:00
Ынсап жана ыйман баарынарга.таба эмес тооба кылалы
0
miss-998
2016-06-19 11:12:06
Аллахым озу сактасын,.
Бирок кыз ото уят нерсе кылыптыр
Тууган -уругунун бетине кеткис ТАК! !!
Тообо тообо тообо
0
Beko87
2016-06-19 11:45:30
Наристе аман экен эн башкысы.Аллахкаа шугур
0
zhykyo
2016-06-19 14:58:39
Атасын издесе жакшы болмок
+1
samidinova84
2016-06-19 17:41:21
Кудайын адамдарга нысап берекор.
0
tabyshmak
2016-06-20 09:52:53
Тогуз ай боюнда которуп жургонун кантип эле ата-энеси байкабасын? Анткени, мин эле курсак кичинекей болгону менен аялдын дене-мучосундо созсуз озгоруу болот. Кудайга тообо!.. Бирок, ата-энесине деле тан каласын. Эми наристени алардын уй-булосуно кайтарып беруу деле кооптуу. Болгону, наристе кимден, кандай адамдан, никеси бар же жок адамдан торолгонуно карабай жашоодо азаптын эмне экенин билбесин. Анткени, наристеде куноо жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан