Евро-2016: Бельгия курамасы Ирландияны ири эсепте утуп, алгачкы упайларга ээ болду

Бельгия-Ирландия - 3:0

Голдор: Ромелу Лукаку (48-мүнөттө); Аксесь Витсель (61-мүнөттө); Ромелу Лукаку (70-мүнөттө).

Франциядагы Европа чемпиондугунда "Е" тайпасында бүгүн, 18-июнда Бельгия жана Ирландия курамасы кез келди. Көптү үмүттөндүргөн Бельгия курамасы күйөрмандар тарабынан айтылган сындарды жокко чыгарып, жеңишти камсыздады.

45 мүнөт жеңиш үчүн жетиштүү экенин бельгиялыктар далилдей алышты, себеби команда 1-таймда атаандаштын коргонуусунан өтө албай, 45 мүнөтүн бошко кетирди. Бирок ал убакыт атаандаштын оюнун окуганга шарт түзгөн. 2-таймда киргизилген 3 гол буга мисал.

Ирландиялыктар киргизилген топко жооп кайтара алышкан жок. Бул атаандашка ишеним берип, алардын кийинки голдорду жаратуусуна алып келди.

Жыйынтыгында Ирландия курамасы тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик ажырап калды. 3-турда алар Италияны утуп гана бир нерсенин үстүнөн чыкпаса, жакын арада команда мелдештен четтеп калышы толук ыктымал.

"Е" тайпасындагы абал:

1. Италия - 6 упай

2. Бельгия - 3 упай

3. Швеция - 1 упай

4. Ирландия - 1 упай

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Futuro
2016-06-18 22:33:39
Италияны уталбайт го. Чудо болуп эле кирип кетпесе Келлини Бонуччи Деросси өткөзбөйт топ.
0
USSRKG
2016-06-18 23:06:32
франция.италия вперед
+1
KaiMak
2016-06-19 01:18:38
Базар жок. Германия же Франция чемпион болот
0
danik0101
2016-06-20 03:52:04
Бельгия жакшы эле ойноп жаткан жолу болбой жатты, баары алдыда фавориттердин бири Бельгия.⚽️⚽️⚽️⚽️⚽️⚽️⚽️
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан