Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, 10 адам жабыркады. Кырсык бүгүн, 19-июнда саат 18:30 чамасында болду. Эки унаанын айдоочулары жана 8 жүргүнчү жабыркап, баары ооруканага жеткирилди. Арасында оор абалдагылары да бар. Хонда үлгүсүндөгү жеңил унаа каршылаш тилкеге чыгып кырсыкка себепкер болгон.
Белгилүү болгондой, учурда аталган трасса оңдолуп жаткандыктан, жолдун бир тарабы автоунаа кыймылы үчүн жабык. Унаалар жолдун бир тилкеси аркылуу жүрүп жатышат. Жолдун тардыгы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда.