19-июнда инди-поп стилинде ырдаган беларустук "Iowa" тобу "Ала-Тоо" амфитеатрында бишкектиктер үчүн ырдап берди. Бул топтун концерти кыргыз жергесинде алгачкы жолу өтүп, театрдын 60-70 пайызы толду.
Концерттин башталышында кыргыз ырчысы Айбек Замиров орус тилиндеги ырларын ырдады. Андан кийин борбор калаабызда жашаган кубалык "Black Star" тобунун таланттары өздөрүнүн чыгармачылыгы менен тааныштырышты.
Беларусь өлкөсүнөн келген "Iowa" тобу сахнага чыкканда көрүүчүлөр сүйүнүү менен тосуп алышты. Башка концерттерден өзгөчөлөнүп, көрүүчүлөр бул топтун ырларына бийлеп, кече шаңга бөлөндү.
Түнкү саат 11лерден өтүп концерт аяктап, көрүүчүлөр концертке канааттанып, көтөрүңкү маанайда тарашты.