Футбол боюнча Европа чемпиондугунда Франция курамасы Швейцария менен тең эсепте ойноду. Лилль шаарында өткөн беттеште 0:0 эсеби катталды.
Жыйынтыгында Франция 7 упай топтоп, тайпада 1-орунду ээледи. Швейцария курамасы 5 упай топтоп, өз тарыхында алгачкы жолу мелдештин плей-офф баскычына чыкты.
3-турдун жыйынтыгында "А" тайпасындагы абал төмөнкүчө:
1. Франция - 7 упай
2. Швейцария - 5 упай
3. Албания - 3 упай
4. Румыния - 1 упай