Франциядагы Европа чемпиондугунда 3-турда Албания курамасы Румынияны утуп, 3 упайга ээ болду. Лион шаарында өткөн беттеште 1:0 эсеби катталды. Беттештеги жалгыз голду 43-мүнөттө Армандо Садику киргизди.
Жыйынтыгында Албания курамасы Европа чемпиондуктарынын тарыхындагы алгачкы 3 упайына ээ болду. "А" тайпасында команда учурда кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап турат.
3-турдун жыйынтыгында "А" тайпасындагы абал төмөнкүчө:
1. Франция - 7 упай
2. Швейцария - 5 упай
3. Албания - 3 упай
4. Румыния - 1 упай