Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жер көчкү жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, 20-июнь күнү түнкү саат 03:30-04:00 чамасында аталган райондун Ак-Жол айыл аймагындагы Эчкилүү-Сай айылында туурасы 20 метр, узундугу 200 метр жер көчкү жүргөн. Жер көчкү бир сарайды жана бир үйдүн короосундагы
бак-дарактарды басып, жараксыз абалга келтирген. Адам өмүрүнө зыян келтирген эмес.