Ош шаарында сууга чөгүп кеткен 5 жашар баланын жансыз денеси табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 20-июнда кабарлашты. Маалым болгондой, 19-июнь күнү саат 14:18де ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Ош облустук ооруканасынын жанындагы Увам каналына түшүп кеткен 5 жаштагы жаш баланын жансыз денесин табышкан. Куткаруучулар баланын жансыз денесин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.