Ак-Талаа райондук сотунун имараты эреже бузуулар менен курулуп жатканын 20-июнда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуп жаткан имараттын кошумча курулуштары текшерүүгө алынып, курулуштук эреже бузуулар орун алып жатканы белгилүү болду. Имараттын үстүнө коюлуп жаткан плиталар мурда колдонулуп, эскилиги жетип калган плиталар.
"Эскилиги жеткен каражаттарды колдонууга болбой турганы эскертилип, аларды имараттан алып салууга талап коюлган. Коюлган плиталардын үстүнкү жана астынкы беттеринен жарака кеткен. Эгерде талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп билдирди инспекциянын маалымат кызматы.