"Кинозал" бөлүмүндөгү драмалык тасмалардын бири - кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов жөнүндө тартылган "Мезгил жана Алыкул" тасмасы. Режиссёру - Айдай Чотуева. Анда актёр-актрисалар Чыңгыз Мамаев, Назира Бердигулова, Гүлнур Асанова роль жаратышкан. Тасмада акындын жеке жашоосу сүрөттөлүп, анда акындын сүйүү, өмүр, өлүм темалары козголот.
Тасма тууралуу колдонуучулар мындай билдирүүлөрдү калтырышкан:
"Сонун фильм болуптур. Көз жашымды токтото албай көрдүм. Алыкулдун сүйүүсү кандай тунук, таза. Айдайдын апасына ыйбаа менен жооп бергеничи... Сүйүүнүн ыйыктыгын, тазалыгын даңазалаган акын. Ысык-Көлдүн жээгинде сырдашканын көрүп, ушундай жөнөкөй, карапайым, жүрөгү ыр деп соккон акындын убагында бааланбаганы мени өкүндүрөт".
"Жакшы тартылыптыр. Өзүмдү Алыкул Осмонов жашаган мезгилге кичине болсо да түшүп калгандай сездим".
"Мезгил жана Алыкул" тасмасын бул жерден көрүңүз.