Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кош-Коргон айылында таштандылардын арасынан жансыз денеси табылган жарандын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Белгилүү болгондой, жансыз денеси таштандылардын арасынан табылган адам 20 күн мурда каза болгон. Ата-энеси өз алдынча бир жума издеп, жыйынтык болбогон соң милицияга кайрылган. Ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында денеси чирип баштаган адамдын сөөгү табылган. Каза болгон адам Өзгөн шаарынын 1988-жылы туулган М.И. аттуу тургуну экендиги аныкталган.
"Жансыз денеси табылган жаран буга чейин да бир нече жолу жоголуп, ата-энеси тарабынан табылган. Ал психикалык жактан оорулуу экени белгилүү болду. Табылган денени сыртынан караганда эч кандай зомбулук көрсөтүлгөн эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, жыйынтыгы чыкса, кандай болуп каза болгону белгилүү болот", - деди Ашырбаев.