Франциядагы Европа чемпиондугунда 3-тур оюндары ойнолууда. 21-июнга караган түнү "В" тайпасында Орусия курамасы Уэльс менен беттешип, 3:0 эсебинде утулуп калды. Беттеш Тулуза шаарындагы "Мунисипал" стадионунда орун алган.
Уэльс курамасы 11-мүнөттө эсеп катыштыгында алдыга чыкты. Жарым талаада топко ээ болгон Жо Аллен өнөктөшү Аарон Рэмсини дарбазачы менен бирге-бир чыгара алды. Рэмси топту дарбазачынын үстүнөн ашырып, мүмкүнчүлүктү голго айландырды. Экинчи голду орусиялыктар 1-таймдын ортолорунда (20-мүнөттө) каршы чабуулдун жыйынтыгында өткөрүп жиберишти. Нил Тейлор 2 сокку узатып, кезектеги голду жаратты. Үчүнчү гол болсо 67-мүнөттө киргизилди. Бул жолу Гарет Бэйл айырмаланды.
Жыйынтыгында Орусия курамасы "В" тайпасында акыркы орунду ээлеп, мелдештен четтеп калды.