Евро-2016: Англия курамасы Словакия менен тең ойноп, тайпада 2-орунду ээлеп калды (фоторепортаж)

Учурда Франциядагы Европа чемпиондугунун тайпалык баскычында 3-тур оюндары ойнолууда. 21-июнга караган түнү "В" тайпасында Англия курамасы Словакия менен 0:0 эсебинде тең ойноду. Жыйынтыгында командалар бирден упайга ээ болушту. Беттеш Сент-Этьен шаарындагы "Жеффруа-Гишар" стадионунда орун алды.

Буга катар өткөрүлгөн беттеште Уэльс курамасы Орусияны 3:0 эсебинде уткан, андыктан уэльстиктер 6 упай менен тайпада 1-орунду алышты. Англия курамасы 5 упайы менен 2-орунду ээлесе, словакиялыктар 4 упай топтоп, 3-орунду ээлешти. Орусиянын карамагында 1 гана упай бар.

Уэльс жана Англия курамалары плей-офф баскычына жолдомо алышты. Ал эми Словакия курамасы калган тайпалардагы оюндардын жыйынтыгын күткөнгө мажбур, себеби 6 тайпадан 3-орунду ээлеген мыкты 4 гана команда кийинки турга чыгат.

Евро-2016: III тур. Словакия-Англия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
new_hacker
2016-06-21 09:17:34
эко тен азамат
0
jigit.paren
2016-06-21 09:46:21
Базар жок....
Буйурса Испания чемпион болот.
0
tashi62
2016-06-21 10:40:25
Орустар катюшаны ырдап үйгө жөнөйт
+1
KaiMak
2016-06-21 21:35:05
Базар жок... Германия же Франция чемпион болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан