"Жер алып берем" деп 800 адамды сызга отургузган жаран колго түшкөнүн ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын 46 жаштагы М.Р. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2015-жылдын 17-мартында Нурлан Үсөнов аттуу жаран "Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынан бир айдын ичинде жер алып берем" деп 400 доллар акчасын алып, бирок ушул күнгө чейин жер алып бербей же акчасын кайтарып бербей жатканын айткан.
Арыздын негизинде аты аталган жаранга карата "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштеринин алкагында 1978-жылы туулган Нурлан Үсөнов кармалып, СИЗО-1ге эки айга камоо чечими чыгарылды.
Андан сырткары ишти териштирүү учурунда дагы 16 жаран Октябрь РИИБине арыз менен кайрылып, Үсөновго алданып калганын айтышкан. Оперативдүү маалыматтарга караганда, Үсөнов жер алып берүүнү убадалап, алдамчылык жолу менен 800 кишиден акча алганы аныкталган.