Кыргыз өлкөсү аркылуу Сирияга барууну көздөгөн чет элдик жарандар УКМК тарабынан кармалышканын 21-июнда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 10-июнда УКМК Сириядагы согуш болуп жаткан аймактарга, эл аралык террордук уюмдар тарабынан рекруттарды мыйзамсыз жөнөтүү каналдарын табуу жана чара көрүү боюнча ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек шаарында 1992-жылы туулган Ж.Ф. жана 1966-жылы туулган А.Б. аттуу адамдар аныкталып, кармалышты.
Аныкталган маалыматтар боюнча, көрсөтүлгөн адамдар коңшу өлкөлөрдүн биринде расмий издөөдө жүрүп, 2016-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүшкөн.
УКМКнын тергөө органдары КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 346 (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Кармалгандарга карата камакка алынсын деген баш коргоо чарасы тандалды.
Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.