Токтогулда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркады

Токтогул районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 310-чакырымында, Токтогул районунун Торкен айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылында унаанын дөңгөлөгү жарылып сайга кулаган. Натыйжада 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Каза болгондордун арасында 1989-жылы туулган Б.Ю. аттуу унаанын айдоочусу да болгон. Ал эми дагы бир жүргүнчү, 1980-жылы туулган Н.Б. аттуу Ош шаарынын тургуну ооруканадан каза болгон.

Мындан сырткары калган 5 жүргүнчү ар кандай деңгээлде жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасында дарыланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patriot..kg
2016-06-21 11:02:18
Жайы жаннаттан болсун
0
new_hacker
2016-06-21 11:08:04
жаман
0
tashi62
2016-06-21 11:11:50
Жаман иш болуптур .
0
dina-85
2016-06-21 12:15:16
Жол кырсыгынан кудайым озу сактасын,ооруканадагы беш адам айыгып кетсин,кайтыш болгондордун жайы жаннаттан болсун
+1
Bahira
2016-06-21 23:33:44
Аллахым айттырбай келген ажалдан сакта!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан