Шабдан баатыр көчөсүндөгү жол кырсыгынан каза тапкан жөө жүрүүчүнү 20 жаштагы кыз сүзүп алган

Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндөгү жол кырсыгынан жөө жүрүүчү каза тапканы тууралуу күбөлөр бүгүн, 21-июнда SUPER.KG порталына кабарлашкан.

Бишкек ШИИББинин Жол-патрулдук милициясынын берген маалыматына ыйлайык, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 08:00 чамасында катталган. Анда Шабдан баатыр көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жаткан 20 жаштагы Ж.К. аттуу айдоочу кыз Хонда CRV унаасы менен 50 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза тапкан.

Айдоочу кыздын айтымында, шашып баратып жөө жүрүүчүнү байкабай калган. Учурда окуя болгон жерде Жол-патрулдук милициясынын кызматкерлери иштеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
ere
2016-06-21 11:38:19
жаш кыз болсо шашканга балее барбы бир адам омуруно зыян кылды. бул да болсо праваны сатып алгандын далили
+15
sladkaja
2016-06-21 11:43:13
almazbekovna
2016-06-21 11:44:24
Шашып эмнеге жетишти экен? Кудайым жакындарына сабыр берсин
+2
KGstan1981
2016-06-21 12:15:14
Супер Инфо администратор меним ойумду сунушумду ошол Жол Кайгуул Патрулдарына кабарлап коюнуздарчы.Эгерде биздин ИИМ жолдорго видео камераларды орнотуша албаса анда жолдорго зебраларды чызып анан ошол зебранын эки жагына лежачий полицейскийлерди орнотушса бул дагын жоо жургунчулордун безопастыгынаа кичине болсо дагын жакшы болот эле. Жолдорго рекламалык банерлердин ордуна этият болгула айдоочуларга дагын жоо жургунчулорго дагын акырети эмнеге алып келиши жон-до эскертуу суроторун орнотушсун.Анан
+10
Aziyat
2016-06-21 13:30:52
KGstan1981,Безопастыгына дегендин ордуна Коопсуздугу үчүн деп жазса туура болчудай.
-3
daniyar84
2016-06-21 12:19:35
Эрте мененки ауди акчанын кучу менен срв болуп кеттиби.
+7
mishonia8077
2016-06-21 12:31:17
Эми ажалы жеткен киши го олду,сузгон кыз эмне болот болду экен.Кырсык каш-кабактын ортосу.
-5
Anara8668
2016-06-21 15:25:31
Бирок не дебейли кырсык да .окунуп атса керек чынында.туугандарына бала чакаларына сабыр берсин эми
0
Sema87
2016-06-21 16:08:45
Озун которгон байдын пычык кызы болсо керекта
+2
ussr7
2016-06-21 21:56:48
Муну кырсык дейт.Ким болбосун
0
zhumagul89
2016-06-21 22:58:58
Мм жаман болуптур. Жаткан жери жайлуу болсун.БЕШЕНЕ
0
begaliev96
2016-06-21 23:04:11
Ичер суусу тугонгон экен Аллахым жаннаттан орун берсин, кырсык каш кабактын ортосунда Аллах озу сактасын
0
mig
2016-06-22 14:35:04
Бир уй-булонун атасы уйуно кайтпай калды. 20 жаштагы кыздарга машинанын эмне кереги бар деги, акыл-эси толо элек. Коруп эле атабыз кыздарды бир колунда телефон, каранганы кузгу, капкара очки ж.б. коп жоруктар айта берсе. Жазасын алсын эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан