Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-унаа жол” өткөрмө пунктунан кыргыз жараны башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-июнь күнү Кыргыз Республикасынын жараны башка адамга тиешелүү паспорт менен коңшу өлкөнүн аймагына өтүүгө аракет кылган. Учурда кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.