Бишкекте ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-июнь күнү милиция кызматкерлери тарабынан 1980-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалган. Аны текшерүүгө алган учурда номуру өчүрүлгөн 12 калибрдик Винчестер табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.