Евро-2016: Хорватия курамасы Европанын учурдагы чемпиону Испанияны "тизе бүктүрдү"

Футбол боюнча Францияда өтүп жаткан Европа чемпиондугунда жарым чейрек финалдык жолдомо ээлери аныкталууда. 22-июнга караган түнү "D" тайпасында 2 беттеш орун алды: Хорватия курамасы Испанияны, Түркия курамасы Чехияны утуп алды. 3 турдун жыйынтыгында тайпа лидери Хорватия болуп калды.

Хорватия-Испания беттешинде эсепти испаниялыктар ачышты. 7-мүнөттө Альваро Мората командасын алдыга алып чыкты. Хорваттар 45-мүнөттө Никола Калиничтин голу менен эсепти теңегенге жетишти. Жеңиш голун 87-мүнөттө Иван Перишич өз эсебине жазды. Оюндун 72-мүнөтүндө Европа чемпиондорунун курамынан Серхио Рамос пенальтиден жаза басып, гол жарата алган жок. Бул атаандашка моралдык жактан артыкчылык бергенин айттырбай түшүнүү мүмкүн.

Түркия-Чехия беттешинде түркиялыктар Бурак Йылмаздын голу менен 10-мүнөттө алдыга чыгышты. Андан соң коргонууга ыктап ойноого өткөн түрк футболчуларынын кийинки голун Озан Туфан 66-мүнөттө киргизди.

Хорватия жана Испания курамалары кийинки турга чыга алышты. Ал эми Түркия кийинки тайпалардагы 3-орун ээлеринин упайларын санаганга мажбур, себеби 6 тайпада 3-орунду ээлеген командалардын төртөө гана кийинки баскычка чыга алат.

"D" тайпасында абал төмөнкүчө:

1. Хорватия - 7 упай

2. Испания - 6 упай

3. Түркия - 3 упай

4. Чехия - 1 упай

 

Евро-2016: III тур.Хорватия - Испания
Евро-2016: III тур. Чехия - Турция
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Partiner
2016-06-22 03:54:37
Нечегооо, Испандыктардын оюну ище алдыда.
-2
KaiMak
2016-06-22 04:48:35
Базар жок!!! Германия де Франция чнмпион болот
-1
Joomartbek
2016-06-22 08:50:27
Франция чемпион!
0
Nurik.180212
2016-06-22 09:26:20
Франция менен Германия чемпион болбойт Испания алга. Ха ха ха
+1
tashi62
2016-06-22 09:28:50
Ушул күнгө чейин оюндун эң көп гол киргизген футболчусу ким болду? Альваро Моратабу?
+1
arawan
2016-06-22 10:45:09
tashi62,морота менен бейл 3голдон
0
Alixan-Nookat.2015
2016-06-22 12:36:20
Испания кооптуу абалдарды коп жараткан экен ишке ашкан эмес экен финалда ишке ашып чемпион болгула
-1
P.Dibala
2016-06-22 14:52:46
Хорваттар азаматтар!!!
0
joker007
2016-06-22 22:48:41
Испания женет го деген ойдомун.Ал эми кубкаамерикадан Аргентина женсе экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан