Кыргыз Республикасында аялдардын коомдук-саясий чөйрөсүндөгү ролу жогору. Мамлекеттик бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бутактарында аял кишинин жетекчи кызматтарын ээлегени бүгүнкү күндө таң калтырбайт. Маселен, Жогорку Сотту, Башкы прокуратураны, Билим берүү жана илим министрлигин, Юстиция министрлигин аялдар башкарат. Жогорку Кеңеште гендердик балансты сактоо үчүн атайын квоталар каралган, бирок бул квоталар эркектерге берилип жатканы байкалууда.
2015-жылы экс-президент Роза Отунбаева "Гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролу" Эл аралык конференциясында бул маселени көтөргөн. "Дүйнөдөгү парламенттерде 2030-жылга чейин эркек жана аял депутаттардын өлчөмүн 50 пайыздан кылуу маселеси коюлган. Учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынын 30 пайызы айымдар. Бул көрсөткүчкө жетиш үчүн чоң күрөш болгон. Тилекке каршы, парламенттен кеткен айым депутаттын ордуна эркек депутаттардын келгенин байкап жатабыз", - деп нааразы болгон Отунбаева.
Кийин Жогорку Кеңеште шайлоо алдында аялдардын санын жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда эркек депутаттар бул демилгеге каршы чыгышкан.
Депутат Кожобек Рыспаев: "Парламентте аялдардын саны жетиштүү. Эгер бул демилгени колдоп чыксак, кийин жаш депутат "жаштардын квоталарын көбөйткүлө", ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген депутат "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин квоталарын көбөйткүлө" деп чыгат. Биз, эркектер, кайда барабыз? Эркек кесиптештер, намысыңарга келбейсиңерби?!" - деген.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да аталган демилгени колдобостугун билдирип, мыкты аялдарды коомчулук өзү көтөрүп аларын айткан. "Кесиптештеримди жамандабайм, бирок парламентте бир да мыйзам жаза албаган, талкууларга таптакыр аралашпаган айым депутаттар бар. Кеп парламентке аялдардын же эркектердин көбүрөөк келишинде эмес, Жогорку Кеңешке билимдүү, мекенге күйгөн адамдын келишинде болуп жатат. Аялдар үчүн парламенттен көбүрөөк орун берилгени менен, коомчулук айымдарга караганда эркектерди көбүрөөк шайлайт. Анткени биздин менталитетибиз Европадагыдай эмес", - деп айткан Бекешев.
Жыйынтыгында аял депутаттардын санын жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору четке кагылган.
2015-жылы октябрь айында болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча 6 партия жеңишке жетип, 26 аял парламентке келген. Бирок 9 айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы 6 аялдын депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон:
1) Элмира Жумалиева ("Кыргызстан"). Себеп: фракциядан түшкөн арыздын негизинде. 11-январь, 2016-жыл.
2) Чолпон Эсенаманова ("Кыргызстан"). Себеп: фракциядан түшкөн арыздын негизинде. 11-январь, 2016-жыл.
3) Бакыт Эсенбаева ("Бир бол") Себеп: өз арызынын негизинде. 4-февраль, 2016-жыл.
4) Лунара Мамытова ("Бир бол") Себеп: өз арызынын негизинде. 6-май, 2016-жыл.
5) Ашэра Халикова (КСДП). Себеп: өз арызынын негизинде. 15-июнь, 2016-жыл.
6) Галина Скрипкина (КСДП). Себеп: Евразия экономикалык биримдигинин соттук кызматына дайындалганына байланыштуу. 21-июнь, 2016-жыл.
Депутаттык ыйгарым укуктары менен коштошкон 5 аялдын ордуна 5 эркек келген. Ал эми Галина Скрипкинанын депутаттык мандаты азырынча эч кимге бериле элек. Партиянын тизмеси боюнча кезек Максат Эгембердиевге келди, бирок фракциянын акыркы жыйынында мандат Ирина Карамушкинага берилери айтылган.
Учурда Жогорку Кеңеште 20 аял депутат бар. Алар:
КДСП фракциясы (жалпысынын 38 депутат = 30 эркек + 8 аял)
1) Альфия Самигуллина
2) Айнуру Алтыбаева
3) Асел Кодуранова
4) Гүлкан Молдобекова
5) Евгения Строкова
6) Жылдыз Мусабекова
7) Карамат Орозова
8) Эльвира Сурабалдиева
"Республика-Ата Журт" фракциясы (28 = 23 + 5)
1) Аида Исмаилова
2) Алтынай Өмүрбекова
3) Динара Исаева
4) Махабат Мавлянова
5) Рада Туманбаева
"Ата Мекен" фракциясы (11 = 8 + 3)
1) Айсулуу Мамашова
2) Аида Салянова
3) Наталья Никитенко
"Кыргызстан" фракциясы (18 = 16 + 2)
1) Таалайкүл Исакунова
2) Чолпон Султанбекова
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы (13 = 12 + 1)
1) Гүлшат Асылбаева
"Бир бол" фракциясы (12 = 11 + 1)
1) Чолпон Жакупова
Айта кетчү жагдай, парламенттик шайлоодон кийин депутаттык мандаттарынан аялдар гана эмес, эркектер да айрылган. Мисалы, Урмат Ишенбеков ("Кыргызстан") менен Жоомарт Сапарбаев ("Ата Мекен"). Алардын ордуна эркектер келген.