Сузак районунун Күрөбөс жайлоосуна чагылган түшүп, 55 баш кой өлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 20-июнь түнү саат 03:00 чамасында Сузак районуна караштуу Күрөбөс жайлоосуна чагылган түшкөн. Анын кесепетинен Алмалуу-Булак айылынын тургуну Медербек Каамытовдун 55 баш кою өлгөн. Анын ичинен 20 коюн адалдап союп, калган койлорун союуга үлгүргөн эмес.