Аргентина курамасы атаандашын ири эсепте утуп, "Америка Кубогу-2016" футболдук мелдешинин финалына чыкты

Футбол боюнча Аргентина курамасы "Америка Кубогу-2016" мелдешинин жарым финалында АКШ курамасын ири эсепте утуп (4:0), мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, беттеште Гонсало Игуаин 2 гол жаратса, Лионель Месси менен Эсекьель Лавесси бирден гол киргизишти.

Аргентинанын капитаны Л.Месси бул жолу Аргентина курамасы үчүн карьерасындагы 55-голун жаратты. Бул көрсөткүч менен ал жаңы рекорд койду. Аргентина курамасы үчүн эң көп гол киргизген футболчу катары буга чейин Габриэль Батистута белгилүү болчу (54 гол).

Кошумчалай кетсек, экинчи жарым финалдык оюнда Чили курамасы Колумбия менен беттешет. Беттеш 23-июнда орун алат.

Америка Кубогу-2016. 1/2 финал. США - Аргентина
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Gisi
2016-06-22 13:27:42
Aaaa koigula
0
new_hacker
2016-06-22 13:35:55
Месси алга
0
nemo2016
2016-06-22 13:36:51
Аргентина жакшы ойун корсотуп жатат.
0
Aduk_aksuu
2016-06-22 13:53:14
Мессинин голу ушунчалык чеберчиликте тепти чыныгы талант ээси Месси
+3
KaiMak
2016-06-22 15:33:47
базар жок... Аргентина чемпион болот
0
new_hacker
2016-06-22 19:40:52
KaiMak,хе хе
+1
Il9s
2016-06-22 20:09:44
месси красава.Аргентина чемпион!
+1
KaiMak
2016-06-22 20:33:24
Линоель месси штрафнойдон сайат да голду,пенальтиден сай албай койбойт
-2
dasta
2016-06-23 02:06:38
Америка кубогун кайсы теле каналдан берип жатат***??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан