Базар-Коргон райондук жаза аткаруу инспекциясынын кызматкери пара алганы үчүн соттолду

Базар-Коргон райондук жаза аткаруу инспекциясынын кызматкери пара алганы үчүн соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, соттун өкүмүнүн негизинде соттолгон К.Н. Базар-Коргон району боюнча жаза аткаруу инспекциясына каттоого алынып, мезгил-мезгили менен инспекцияга барып каттоодон өтүп турган. 2015-жылдын 28-мартында аталган инспекциянын ага тескөөчүсү Азизбек Усукеев соттолгон
К.Н. аттуу адамдан “сени каттоодон райондук сотко сунуш берип чыгарып коёмун” деп 10 миң сом талап кылган. Мындан улам К.Н. 2015-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Бул боюнча оперативдүү топ түзүлүп, Азизбек Усукеев 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

2016-жылдын 29-февралында Жалал-Абад шаардык соту Азизбек Усукеевди “опузалап пара алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 150 миң сом айып пул салынган. Ал эми 2016-жылдын 16-апрелинде Жалал-Абад облустук соту шаардык соттун Азизбек Усукеевге карата чыгарган чечимин өзгөртүп, “пара алуу” беренеси боюнча айыптап, 4 жылга эркинен ажыраткан. Жазасын жатак-абактарында өтөөсү белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан