"Реал" футболдук клубу "Ювентустун" чабуулчусу Альваро Моратаны жакын арада курамына кошуп алат. Бул тууралуу "Ювентус" расмий билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, мадриддик клуб чабуулчуну кайрадан курамына кошуп алуу үчүн 30 миллион евро сарптамакчы. Бул эки клубдун ортосунда түзүлгөн келишимде каралган.
Буга чейинки ийгиликтүү оюну жана учурда Европа чемпиондугунда 3 гол жаратуу менен "Реалдын" көңүлүн бурган Альваро профессионалдык карьерасын дал ушул мадриддик клубда баштаган. 2010-2014-жылдар аралыгында "Реалдын" курамында ойногон жаш футболчуну "Ювентус" сатып алган.