Чүй облусундагы үйлөрдүн биринен интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-июнь күнү Чүй ОИИББинин кызматкерлери тарабынан Чүй айылындагы үйлөрдүн бири текшерүүгө алынган. Анын негизинде ал үйдө интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жай табылганы аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, “жашыруун жайды уюштурган” деп шектелип 64 жаштагы Т.Ж. кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.