Бишкекте 21 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-июнь күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 28 жаштагы С.Н. кайрылган. Анда ал чала тааныш Нурадил аттуу жигит зордуктап салганын айткан. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, натыйжада 24 жаштагы Б.Н. кармалган.
Ошондой эле 21-июнь күнү Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына 21 жаштагы Э.З. кайрылып, белгисиз адам күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Бул факт боюнча кылмышка шектүү катары 21 жаштагы К.Н. кармалган.
Учурда эки факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.